19-январда саат 10:00дө Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өтөт, деп билдирди парламенттин басма сөз кызматы.
Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):
Министрлер кабинетинин социалдык-экономикалык абал, жазгы-талаа жумуштарына карата даярдык жана коронавирус инфекциясынын жайылуусун болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматы.