Суббота, 21 сентября

Путин Трамптын Голан боюнча чечимине каршы

0

Орусиянын президенти Владимир Путин Американын Голан бийиктиктерин Израилге таандык деп расмий таануу үчүн кабыл алган чечимин Коопсуздук Кеңешинин токтомдорун бузат жана Москва бул чечимге каршы деп билдирди.

Американын президенти Дональд Трамптын мындан эки апта мурун Голан бийиктиктерине Израиль эгедер деп расмий таануусун жарыялаган. Бул Израилдин Америкадан талап кылган байыркы каалоолорунун бири болгон. Бирок Американын мурунку бийликтери эл аралык укукка таянуу менен Тель-Авивди Голан бийиктиктерине эгедер деп таануудан баш тартып келген.

В.Путин дүйшөмбү күнү түрк кесиптеши Режеп Тайип Эрдоган менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында Трамптын бул иш-аракети боюнча сөз сүйлөп, “Голанга Израилдин эгедерлигин таануу маселесине байланыштуу Орусиянын көз карашы кандай экенин жакшы билесиздер. Орусиянын тышкы иштер министрлигинде бул маселе боюнча ачык айтылды. Бул чечим БУУнун Коопсуздук Кеңешинин токтомдоруна карама-каршы келет”, -деди.

Буга чейин Орусиянын ТИМи Орусия Американын бул чечимине каршы экени боюнча билдирүү жасап, эл аралык укуктардын негизинде Голан Сирия аймагынын бир бөлүгү болуп эсептелет деп баса белгилеген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз