Пятница, 22 ноября

Валентина Шевченко Ошко барды

0

UFC чемпиону Валентина Шевченко бүгүн Ош шаарына барды. Аны машыктыруучусу Павел Федотов менен энеси Елена Шевченко коштоп жүрөт. Бул туурасында Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мушкерди Ош Эл аралык аба майданынан шаардын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана спорт комитеттин жетекчиси Кылычбек Саркарбаев салтанаттуу тосуп алды. Ошондой эле күйөрмандар дагы барды.

Спортчу айымдын Оштогу күйөрмандары менен жолугушуусу борбордук аянтта кечки саат 18:00дө болот. Кыргызстандык мушкер Бишкекке 8 жылдан соң 2019-жылы  7-апрель күнү келген. Буга чейин айтылгандай, жердешибиз  9-июнь күнү чемпиондук курун коргоо үчүн Америкалык Жессика Ай менен беттешет. Валентина Шевченко — Муай тай жана аралаш согуш өнөрлөрү боюнча мушкер. 1988-жылы Кыргызстандын Фрунзе шаарында төрөлгөн. UFC (Ultimate Fighting Championship) чемпионатында аялдардын эң жеңил салмак категориясында мушташат. Каймана аты – Bullet (англ. — ок). 2017-жылдын 7-июлунда UFC Fighting Ranking рейтингинде аялдардын эң жеңил салмак категориясында №1 орунду ээлеп турат.

Ал 5 жашында спорт менен машыккан энеси жана эжеси Антонинанын таасири аркылуу таэквондо менен машыга баштаган. 12 жашында Муайтай кикбоксунда, андан соң вале-тудо эрежесиз күрөшүндө өз күчүн сынаган. Валентинанын кикбокс спортундагы карьерасы Кыргызстанда, 12 жашында 22 жаштагы каршылашын нокаутка кетирип, машыктыруучусу Павел Федотовдон рингдеги тез, ыкчам кыймылы үчүн «Ок» лакап атын алуу менен башталган.

Валентина кикбоксинг жана муайтай боюнча бир катар титулдарга ээ: Муайтай эл аралык федерациясынын сүйүүчүлөрдүн дүйнөлүк чемпионаты (International Federation of Muaythai Amateur World Championships) жана Дүйнөлүк муайтай кеңеши Валентинага дүйнөдөгү эң мыкты аял муайтай мушкери деп жогору баа берген. В. Шевченконун Муайтай/К-1 боюнча адистик эсеби 56-2, ал Йоанна Йенжейчик жана Кэли Рис сыяктуу мушкерлерди жеңген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз