Назарбаев менен Токаевдин ортосунда бийлик үчүн күрөш уланууда

0

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев учурдагы мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен өлкөдөгү активдерди кайра бөлүштүрүү боюнча катуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Андагы маалыматта учурда өлкөдө бийлик үчүн күрөш уланып жатат. Казакстандын экс-президентинин мурдагы кеңешчиси Ермухамет Ертысбаев Назарбаев менен Токаевдин сүйлөшүүлөрү уланып жатканын билдирген. Айрым басылмалар Казакстандын биринчи президенти учурда Кытайда экенин жазса, Ертысбаев Назарбаев дагы деле өлкөдө экенин билдирген.

«Албетте, Назарбаевдин доору бүттү», — деген Ертысбаев.

Нурсултан Назарбаев акыркы жолу 28-декабрда Санкт-Петербург шаарында эл алдына чыккан. Анда Назарбав Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушкан.

Эске сала кетсек, Нурсултан Назарбаев Казакстандагы баш аламандык учурунда, тагыраагы 2-3-январь күндөрү өзү туулуп-өскөн Шамалган айылында болгондугу кабарланган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз