17-январда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 27-февралга белгиленген №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого ат салышып жаткан 4 талапкерди каттады.
Алар:
1. Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна — №27 Биринчи май шайлоо округунан депутаттыкка талапкер;
2. Бакиров Бакыт Жээнтайович — №29 Свердлов шайлоо округунан депутаттыкка талапкер;
3. Токтакунов Нурбек Акбарович — №27 Биринчи май шайлоо округунан депутаттыкка талапкер;
4. Тургунбаев Улукбек Абдивалиевич — №29 Свердлов шайлоо округунан депутаттыкка талапкер.
17-январга карата 32 адам кайра шайлоого катышарын билдирген.