Вторник, 7 мая

2021-жыл ичинде «Кумтөрдө» 14,5 миң кг алтын өндүрүлгөн

0

Министрлер кабинетинин 2022-жылдагы алгачкы кеңешмесинде «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк компаниянын 2021-жылкы жана убактылуу тышкы башкаруу мезгилиндеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча отчет берди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгиленгендей, отчеттук мезгилде жакшы жыйынтыктар орун алган. Атап айтканда, 2021-жылдын 12 айында «Кумтөрдө» 14 561 кг алтын өндүрүлгөн. Жыл башынан бери компания 13,6 млрд сом суммасында салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон, ал эми пландаштырылган сумма 9 млрд сомду түзгөн. Натыйжада, чегерүүлөр планы 150% ашкан.

2021-жыл үчүн алтынды сатуудан түшкөн жалпы каражат 856 млн АКШ долларын түзүп, анын ичинен убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде 621 млн АКШ доллары түшкөн.

Алтындын бир унциясына карата жалпы акчалай чыгым планга салыштырмалуу 220 долларга, же 16% ашуун кыскарган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз