Четверг, 2 мая

Бишкекте 16 мектеп жана 1 бала бакча карантинге жабылды

0

Бишкек шаарында 18-январга карата коронавируска байланыштуу 16 мектеп карантинге жабылды. Алардын ичинен 13 — мамлекеттик мектеп, 3 — жеке менчик мектеп.

Ошондой эле 7-кичи райондогу №135 бала бакча толугу менен, Чокморов көчөсүндөгү №144 бала бакчада 1 тайпа жабык болот.

Андан тышкары, мамлекеттик мектептерде 9 класс жана менчик мектептерде 10 класс жабылды.

Бул мектептердеги окуучулардын баары 2 жума онлайн билим алышат.

Карантинге жабылган 13 мамлекеттик мектептин тизмеси:

— №4 мектеп,

— №6 мектеп,

— №11 мектеп,

— №12 мектеп,

— №18 мектеп,

— №26 мектеп,

— №29 мектеп,

— №38 мектеп,

— №60 мектеп,

— №62 мектеп,

— №67 мектеп,

— №73 мектеп,

— №88 мектеп.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз