Четверг, 2 мая

Садыр Жапаров Салык кодексине кол койду

0

Президент Садыр Жапаров Салык кодексине кол койду, — деп маалымдайт өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Салык кодекси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алынган.

Салык кодексинин максаты болуп салык системасынын туруктуулугун камсыздоо, салыктарды администрациялоону оптималдаштыруу, салыктык жол-жоболорду санариптештирүү, ишкердик иштерди жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу саналат.

2009-жылдын 1-январынан ишке кирген Салык кодекси күчүн жоготту деп эсептелет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз