Четверг, 2 мая

Данияр Тербишалиев атайын кызматка сүйлөшүүгө чакырылды

0

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Элдик кошуундар бирикмесинин төрагасы Данияр Тербишалиев Facebook баракчасына жазды. Анда камактагы экс-депутат Бакытбек Калмаматовго байланыштуу сүйлөшүүгө чакырылганын билдирди.

«УКМК иштебей жатат деп жатасыңар! Иштеп жатат! Саясий туткун — Бакытбек Калмаматовду колдоп, сотко катышып, билдирүү жазганыма эки-үч күн боло элек, сүйлөшүүгө чакырышты», — деген билдирүү калтырды.

Улуттук коопсуздук комитети азырынча буга байланышуу комментарий бере элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз