Четверг, 2 мая

Байсалов менен Бекешев кайым айтышты

0

Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңеште санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Талантбек Имановдун талапкерлиги каралууда.

Депутат Дастан Бекешев санариптештирүү иштериндеги бир канча көйгөйлөрдү атап өттү.

«Жарандар соттолбогондугу жөнүндө маалымкат алыш үчүн интернет аркылуу буйрутма беришет, анан аны алуу үчүн мекемеге барышат. Ушулбу санариптештирүү? Салык кызматына тийиштүү маалымкат алуу үчүн да мекемеге барышат. Бул санариптештирүүбү? Эгер жаран үйүнө тиешелүү маалымкатты жоготуп алса, анын көчүрмөсү бир гана мамлекеттик органдарда болот. Аны электрондук түрдө кылып койсо болбойбу? Президент кол койгон жаңы Салык кодексин эч жерден таппай жатышат. Ушул санариптештирүүбү? Адамдардын жашоосун жеңилдетүү керек. Жарандарды план кызыктырбайт, алар жеке убактысын үнөмдөөнү каалашат. Дал ушул көйгөйлөрдү чечүү зарыл», — деди Бекешев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов аталган көйгөйлөрдү жакшы билерин айтып өттү.

«Бул көйгөйлөрдү абдан жакшы билебиз. Алыс кетпей коңшу өлкөлөрдү эле алалы. Алар алда качан алдыга кетишкен. Жогоруда саналгандардын баарын учурда карап жатабыз. Сөз менен эмес, иш менен чечебиз. Бизге убакыт бериңиздер. 2-3 жылда жыйынтык көрсөтөбүз», — деп билдирди Байсалов.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз