Четверг, 2 мая

Бишкектин сырткы көрүнүшүн бузган объектилер алып салынат

0

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Уран Мусаев шаардын сырткы көрүнүшүнө терс таасирин тийгизген курулуштар, объектилер алынарын билдирди.

Анын айтымында, ошондой эле маал-маалы менен уруксатсыз уюштурулган калаадагы соода, оюн-зоок түйүндөрү дагы алынып турат.

«Бишкектин ар кайсы аймагында батут, велосипед турган жерлер чыгып алат. Булар борбор калаанын сырткы көрүнүшүн бузууда. Ошондуктан райондук администрациялар менен биргеликте айрым объектилерди алып салуу жаатында иш-аракеттер байма-бай жүрүп турат. Базарларда орундар бар экенине карабастан айрымдар ижара акысынан качып сыртта соода кылышууда. Бул жагдай, биринчиден, жарандарга тоскоолдуктарды жаратса, экинчи жагынан коопсуздукту камсыздоодо көйгөйлөрдү шарттоодо. Анткени соодагерлер араба менен унаа жолго чейин чыгып алышууда. Ошондуктан мэрдин тапшырмасы менен аптасына эки жолу базарларда рейд жүргүзүлөт келет. Алгач түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан кийин тийиштүү эскертүүлөр берилет. Эгерде дагы да кайталана берсе айып салынышы ыктымал», — деди Мусаев.

Ошондой эле ал шаар ичиндеги мыйзамсыз курулуштарды дагы алып салуу каралганын эскертти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз