Четверг, 2 мая

Бекназаров: Мадумаровго каршы көрсөтмө бериш үчүн келген жокмун

0

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго кайрылды. Анын видео кайрылуусун уулу Руслан Бекназаров жарыялады.

Элчи кайрылуусунда Кыргызстанга кызматтык иш сапар, анын ичинде июнь окуясы боюнча көрсөтмө берүү үчүн келгенин, «Адахан Мадумаровго каршы көрсөтмө бергенге келди» деген сөздөр туура эместигин билдирген.

«Мындан эки жыл мурда Адахан мырзанын мени элчиликке сатылып кетти деген сөзү боюнча маалымат жыйынында берген жообумду эки жылдан бери үзгүлөп-кескилеп, Адаханга каршы колдонуп жүрөт. Кечээ тергөөчүлөрдүн ошол сөзүңүздү тактап коелу дегенине макул болгонумду кайрадан бийлик дагы, Адахан дагы саясат кылып жатат», — деди Бекназаров.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров 17-18-январда 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча Башкы прокуратурада сурак берип чыккан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз