Мындан тышкары 16 саудиялыктын АКШга кирүүсүнө тыюу салынды
Журналист Жамал Кашыкчынын мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгүнөн жарым жыл өткөн соң АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео бул кылмышка катышкан Сауд Аравиянын 16 жаранына санкция киргизилгендигин жарыялады.
Помпеонун айтуусунда, мындан тышкары бул адамдардын АКШга кирүүсүнө тыюу салынды.
Санкциялык тизмеге Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салмандын кеңешчилери Сууда аль-Кахтани, Махира Мутреби, Салаха Тубайги, Месхаля аль-Бостани, Наифа аль-Арифи, Мухаммеда аль-Захрани, Мансура абу Гусейна, Халтда аль-Утейби, Абдельазиза аль-Хавсави, Валида аль-Сехри, Таара аль-Харби, Фархада аль-Балави, Бадра эль-Утейби, Мустафы аль-Медени, Саифа аль-Кахтани жана Турки аль-Сехрилер киришти.
Мамлекеттик департаменттен билдиришкендей, аталган чечим АКШнын адам укугун орой түрдө бузуу жана коррупция боюнча айыпталган чет элдик жарандарга санкция киргизүү боюнча мыйзамына ылайык кабыл алынды.
Бирок таң каларлык жагдай, бул тизмеде Сауд Аравиянын Стамбулдагы башкы консулу Мухаммед аль-Катибинин ысымы жок. Анткен менен аль-Катиби 2018-жылы ноябрда АКШнын Каржы министрлиги киргизген санкцияга кабылган.
Мамлекеттик департамент Кашыкчы өлтүрүлгөндүгүнөн жарым жыл өткөн соң гана бул санкция тууралуу чечим кабыл алынгандыгынын себебин түшүндүрүшкөн жок.