Суббота, 18 мая

Израилде мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүүдө

0

Парламенттеги 120 орун үчүн 41 саясый партиялардын талапкерлери ат салышууда

Израилде Кнессетке (парламент) мөөнөтүнөн мурда шайлоого добуш берүү жүрүүдө. Израилдеги шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дө ачылды жана  22:00дө жабылат.

Израилдеги шайлоочулардын саны 5,8 миллиондон ашат. Алардын катарына ошондой эле израил жарандыгына ээ эки миллионго жакын палестиналыктар да кирет. 2015-жылдагы парламенттик шайлоого шайлоочулардын 71,8%ы катышкан. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Батыш Иерусалимдеги мектептердин биринде добуш берет. Социологиялык сурамжылоолорго ылайык, Нетаньяхунун “Ликуд” партиясы шайлоодо анча көп эмес көпчүлүк добуш менен жеңишке жетишип, Кнессеттеги эң ири фракцияны түзүшү мүмкүн.

Шайлоодо Нетаньяхунун башкы атаандашы Израилдин Коргонуу армиясынын Башкы штабынын экс-башчысы  Бени Ганц  болуп саналат. Ганц «Кахоль-Лаван» («Ак-көк») блогун жетектейт, ал өз  карьерасын армияда жасаган жана ага чейин саясат менен дээрлик алектенген эмес.

Божомолдорго ылайык, шайлоонун өткөөл чеги деп эсептелген 3,25%ды болгону 10-14 партиялар гана өтүшү мүмкүн. Ошол эле учурда бир дагы партия өкмөттү түзүү үчүн парламенттеги керектүү орунду (61 мандат) ала албайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз