Пятница, 26 апреля

Назарбаев Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектеген мыйзам жокко чыгарылды

0

Өлкө парламентинин мажилиси 19-январдагы олтурумунда “Коопсуздук кеңешинин жана Казакстандын Улуттук ассамблеясынын төрагалык кызматын тунгуч президент Нурсултан Назарбаев өмүр бою аркалайт” деген норманы жокко чыгарган мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу парламент депутаты Канат Нуров кабарлады.

Нуров “Фейсбуктагы” баракчасында жазгандай, бул күнү Назарбаев өзү депутаттар менен жолугуп кызматты тапшырып берүүгө макул экенин айткан. Депутат “Биринчи президент – Элбасы” жөнүндө, “Казакстандын Улуттук ассамблеясы” жөнүндө жана “Коопсуздук кеңеши” жөнүндө конституциялык мыйзамдар өзгөртүлүп жатканын кошумчалады.

Парламенттин мажилисинин басма сөз кызматы айтылган өзгөртүүлөр шаршембиде жактырылганын ырастады.

Казакстанды 1989-жылдан 2019-жылга чейин башкарган Нурсултан Назарбаев президенттик кызматты Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп, Коопсуздук кеңешинин төрагасы кызматын, ассамблеянын жетекчилигин жана партия лидерлигин сактап калган. Аталган мыйзамдар аркылуу бул кызматтарда өмүр бою иштөө укугун бекиттирип алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз