Среда, 24 апреля

БШК Орозайым Нарматованы депутаттык мандатынан ажыратты

0

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованы мандатынан ажыратты.

БШК Нарматованын жогорку билими тууралуу диплому жасалмаланган деп тапты.

Жыйында УКМК менен Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү маалымат берген.

Жыйында УКМКнын өкүлү 19-январь күнү Жалал-Абад облустук мамлекеттик университетинин ректору Нарматованын дипломун артка чакыртуу буйругун чыгарганын билдирди.

“Азыркы учурда Орозайым Нарматова жогорку билими тууралуу дипломго ээ эмес”, — деди УКМКнын өкүлү.

Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Нарматова орто билимди бухгалтердик эсеп адистиги менен бүтүп, бирок жогорку билим алуу үчүн журналистика адистигине тапшырганын айтты. Бул мыйзамга каршы келерин белгилейт.

Ал эми 9-10-семестрди экзаменге катышпай эле жакшы баалар менен бүткөнү аныкталганын билдирди. Натыйжада университеттин жетекчилиги Орозайым Нарматова окуу планын толук аткарбады деп эсептөө менен 2017-жылы берилген дипломун жокко чыгарган.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова отурумга катышкан Нарматованын өкүлүнө аталган чечим менен макул болбосо, анда сотко кайрылууга укугу бар экендигин айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз