Пятница, 18 октября

Түрк ассоциациясы «Үмүт булагы» фондунун колдоосу менен Кыргызстандагы жетим балдарга кийим-кече белек кылды (фото)

0

Дениз Фенери ассоциациясы Кыргызстандагы жетим балдарга бир жүк ташуучу вагон кийим-кече жеткирди. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгиленгендей, буюм-тайымдарды бөлүштүрүү Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованын «Үмүт булагы» коомдук фонду тарабынан колдоого алынган.

Бирикменин директорунун орун басары Йылдыз Коскун жана баш катчы Али Карайылан фонд өкүлдөрүнүн коштоосунда балдар үйүнүн жетекчилерине пакеттелген буюмдарды тапшырышты.

Маалым болгондой, үч күндүк акция Бишкектеги балдар үйүнөн жана Беловодск мектепке чейинки балдар үйүнөн башталган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз