Четверг, 2 мая

Россия Кыргызстанда атомдук электр станция курат

0

Кечээ, 20-январда Дубай шаарында өтүп жаткан эл аралык «EXPO-2020» көргөзмөсүнүн тааласында Кыргызстан менен Россия аз кубаттуулуктагы атомдук электр станциясын курууну макулдашты. Бул тууралуу «Росатом» компаниясынын сайтында айтылат.

АЭС куруу боюнча меморандумга Кыргызстандын энергетика министри Тилек Айталиев жана Россиянын мамлекеттик «Росатом» компаниясынын башкы директору кол койду.

«Кыргызстанда АЭСтин курулушу өлкөнүн энергетика жаатында көз карандысыз болушуна гана таасир этпестен, элдин жашоо сапатына жана Борбор Азияда илимий-техникалык потенциалдын өнүгүшүнө шарт түзөт», — деди «Росатомдун» башкы жетекчиси Алексей Лихачев.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз