Суббота, 21 сентября

АКШнын  ИРСКнин (КСИР) ишмердүүлүгүнө кийлигишүүсү майнапсыз

0

Ирандын дүйнөдөгү кадыр-баркы анын күчүнө негизделген

АКШ ирандык Ислам революциясынын сакчылар корпусун (ИРСК) террордук уюмдардын тизмесине кошуу чечими менен анын ишмердүүлүгүнө тосколлдук жаратуу аракети майнапсыз болуп саналат. Бул тууралуу Ирандын Жогорку рухий лидери Али Хаменеи  Тегеранда ИРСКнын өкүлдөрү жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү менен жолугушууда айтты.

«ИРСК ислам революциясынын душмандары менен күрөшүүдө алдыңкы сапта турат жана дайыма анын ийгиликтери менен Иранды коргоп келет. АКШнын ИРСКга душмандык мамилеси дал ушул жагдай менен», — деди Хаменеи.

Анын айтуусунда, Вашингтон жана башка Тегерандын душмандары 40 жылдан бери Иранга кысым көрсөтүүнүн ар кандай ыкмаларын колдонуу далалатын жасап жатышат жана ал аракети таш кабууда.

Иран кайрадан аймакта да, дүйнө жүзүндө да өз позициясын чыңдоого жетишти, деп белгиледи Жогорку лидер.

ИРСК бир гана Ирандын чек арасын эмес, Сириядагы сеид Зейнаптын (Мухаммед пайгамбардын небере кызы) мавзолейин да коргойт деп айтты Хаменеи.

«АКШ бийлигиндеги Трамп сыяктуу келесоолордун планы таш кабат. Тегерандын душмандарынын тилегине каршы Иран өзүнүн күчүн ядролук программасынан албайт. Биз башынан эле ядролук курал биздин динибиздин принцибине каршы келет деп айтканбыз. Ислам дүйнөсүндөгү Ирандын кадыр-баркы анын күчү, туруктуулугуна жана күжүрмөндүүлүгүнө негизделген», — деди Хаменеи.

Мурда АКШ президенти  Дональд Трамп ирандык Ислам революциясынын сакчылар корпусун чет элдик террордук уюмдардын катарына киргизген чечим кабыл алгандыгы маалымдалган. Ак үйдүн басма сөз кызматынын маалыматында, бул кадам Иран өкмөтүнө кысым көрсөтүүнү күчөтүү үчүн кабыл алынгандыгы айтылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз