Понедельник, 23 мая

Викрам Рузахуновго операция жасалды

0

Казакстандагы баш аламандык учурунда камакка алынып, өлкөгө кайтарылган музыкант Викрам Рузахуновго операция жасалды. Бул маалыматты өзү социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу билдирген.

Анын айтымында, башынан, көкүрөгүнөн, кабыргаларынан жаракат табылган.

«Мени 10-январда үйгө жеткиришкенде нес абалда болсом керек. Денемдеги оорутуу жоголгондой сезилип, шишиктер тарайт деп ойлогом. Бирок агам Рустам толук текшерүүдөн өтүүгө көндүрүп, жыйынтыгында жаракаттар аныкталды», — деди музыкант.

Массалык баш аламандык учурунда Казакстандан кармалган Кыргызстандын жараны — жаз музыкант Викрам Рузахунов 10-январда өлкөгө жеткирилген.

Буга чейин казакстандык басылмалар митингге катышуу үчүн Кыргызстандан учуп барганын билдирген жарандын видеосун тараткан. Бул үчүн белгисиз адамдар ага 90 миң тенге убада кылышкан. Кийинчерээк кармалган адам музыкант Викрам Рузахунов экени белгилүү болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз