Суббота, 23 ноября

Улукбек Марипов жаңы кызматка сунушталууда

0

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети бүгүн, 24-январда Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчиси кызматына сунушталган талапкерди карайт.

Жогорку Кеңештин сайтында талапкердин аты-жөнү жазылган эмес.

Бирок белгилүү болгондой, элчи кызматына мурдагы премьер-министр Улукбек Марипов сунушталууда.

Сауд Арабиясында узак убакыт бою Кыргызстандын элчиси болгон эмес. Акыркы жолу ал жакта Абдилатиф Жумабаев элчи болуп иштеген.

Марипов 2021-жылдын 3-февралынан 12-октябрына чейин өкмөттү жетектеген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз