Четверг, 2 мая

Түрк кеңеши Кыргызстанды колдоду

0

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) башкы катчысы Багдад Амреев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу билдирүү жасады. Ал «Биз кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалга терең тынчсыздануубузду билдиребиз жана куралдуу кагылышууларды токтоосуз токтотууга, дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу абалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга жана турукташтырууга чакырабыз.

Түрк түлдүү мамлекеттердин уюму карапайым калкка аскердик куралдын колдонулушун айыптайт жана эки коңшу өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы чыңалуунун мындан ары күчөшүнө жол бербөө үчүн зарыл чараларды көрүүгө чакырат”- деп деди.

Амреев, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңеши Кыргызстандын кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча аракеттерин колдоорун маалымдады.

Билдирүүдө ”Биз Кыргызстандын кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча аракеттерин колдойбуз жана Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө, урматтоого, ынак коңшулукка жана жанаша жашоого негизделген диалогду кубаттайбыз.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки тарап тең алдыда өз ара ишенимди чыңдоого жана чыр-чатактарды болтурбоо үчүн зарыл кадамдарды жасайт деп ишенебиз» – деп айтылат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз