Воскресенье, 19 мая

Kaktus.media элден кечирим сурады

0

Kaktus.media сайты кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча буга чейин жазгандарына байланыштуу элден кечирим сурады. Басылма мурдараак чек арадагы кырдаал боюнча Тажикстандын Asia Plus басылмасынын маалыматын жарыялаган (перепечатка). Бул айрым жарандардын нааразылыгын жаратып, басылманын астына пикет уюштурулган.

Басылма тараткан билдирүүдө мындай делет: «Бул басылманын жалгыз максаты – тажик тарап кандай маалыматтык саясат жүргүзүп жатканын, Тажикстандын бийлиги катардагы жарандарына кандай маалымат таратканын кыргыз коомчулугуна көрсөтүү болчу. Учурда маалыматтык согуш жүрүп жатканы анык. Ага каршылык көрсөтүү үчүн экинчи тарап кандай иш-аракеттерди жасап жаткандыгын так билүү керек. Жарыяланган материалда, маалымат булагына шилтеме берилген. Башка басылмадан алынган (ПЕРЕПЕЧАТКА) маалымат боюнча оюбузду так жеткире албагандыгыбыз – биздин катачылык. Ошого байланыштуу бардык кыргызстандыктардан кечирим сурайбыз».

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз