Суббота, 18 мая

14 жашар кызды ала качкандар кармалды

0

Кара-Сууда никеге туруу максатында 14 жаштагы кызды ала качкандар кармалды. Ош облустук милициясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 2022-жылдын 26-январында болжол менен саат 22:30дар чамасында Кара-Суу районунун 25 жаштагы И уулу Б., аттуу тургуну үч айылдашы менен чогуу 14 жаштагы Н.Н., аттуу кызды никеге туруу максатында Талдык айылындагы үйүнө ала качып баргандыгы аныкталган.

Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, жогоруда көрсөтүлгөн атуулдар такталып, тергөөгө камсыз кылынган.

Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 172-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле Н.Н., аттуу жарандын денесинде жарааты бар же жоктугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө шектүү катары кармалган төрт жаран Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз