Пятница, 3 мая

Презденттин өкүлү: тажик тарап абалды курчутпашы керек

0

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев мамлекеттик чек араларды тактоо кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын милдети экенин, талаштуу тилкелерге ушул комиссия гана чекит кое аларын билдирди. Ал «Биз талашты аскердик аракет менен чечүү мүмкүн эмес экенине дагы бир жолу ынандык. Мен тажик тарапты кырдаалды курчуткан билдирүүлөрдөн карманууга чакырам. Болгон аракеттерибизди чек арадагы тынчтыкты, туруктуулукту сактоого жана боордош элдердин ортосундагы экономикалык, маданий байланыштарды бекемдөөгө жумшоого үндөйм», — деп жазды Алимбеков.

Баткенде 27-январда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, натыйжада эки тажик жараны мерт болгон. Кыргыз тараптан 12 жаран жараат алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз