Пятница, 3 мая

Бишкектин абасы дүйнөдө 5-орунда

0

World Air Quality дүйнөлүк абанын сапаты боюнча рейтингдин сайтындагы маалыматка ылайык, Бишкек азыр абанын булганышы боюнча дүйнөнүн 94 шаарынын арасында 5-орунда турат.

Ошентип, Бишкектин абасындагы микродисперстүү PM2.5 бөлүкчөлөрүнүн концентрациясы учурда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан сунушталган орточо жылдык абанын сапатынан 25,1 эсе жогору.

Бүгүнкү күндө аталган тизменин башында Индиянын Дели, Пакистандын Лахор, Кытайдын Ухань, Россиянын Красноярск шаарлары, андан кийин Бишкек шаары турат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз