Пятница, 17 мая

Гвинея-Бисауда төңкөрүш болуудабы?

0

Гвинея-Бисаунун борбору Бисауда атышуулардын үнү угулууда.

Жергиликтүү маалымат каражаттары, президент Умаро Сиссоко Эмбало министрлер кабинетинин жыйынын өткөрүп жаткан учурда Президенттик сарайдын айланасында атышуулардын үнү угулганын кабарлашты.

Окуядан кийин мектептерде билим берүү токтотулуп, окуучулардын үйлөрүнө жөнөтүлгөнү билдирилди.

Күбөлөрдүн айтымында шаардын борборунда көп сандаган аскерлердин бар экени жана кээ бир расмий мекемелердин аскерлер тарабынан курчоого алынганы белгиленди.

Атышуунун себеби азырынча белгисиз.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз