Суббота, 18 мая

Ооганстанда поезд оодарылды

0

Казакстанда Ооганстанга бараткан буудай жүктөлгөн поезддин 12 вагону рельстен чыгып, оодарылып кеткени маалымдалды.

Казакстан темир жолдору улуттук компаниясы тараткан маалыматка караганда, окуя өлкөнүн Караганды облусундагы «Мойынти-Саришаган» станциясында болду.

Ооганстанга буудай ташыган поезддин 12 вагону рельстен чыгып оодарылып кеткен кырсыктан каза болгондор жана жабыркагандар катталган жок.

Окуя болгон жерде оңдоо иштери уланып жатканда, ошол эле станция аркылуу өткөн берки жүргүнчү поезд каттамдары болсо кечеңдетилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз