Сүйлөшүүлөрдөн кийин добуш берүүгө коюлган мыйзам долбоору бир добуштан кабыл алынды.
Азербайжандын Улуттук парламенти, Түркия менен Азербайжандын ортосундагы карым-катнаштарды расмий түрдө шериктештик деңгээлине жеткирген Шуша декларациясын кабыл алды.
Улуттук парламенттин кезектеги жалпы жыйынында «Азербайжан Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы союздук мамилелер боюнча Шуша декларациясын бекитүү жөнүндөгү» мыйзам долбоору талкууланды.
Сүйлөшүүлөрдөн кийин добуш берүүгө коюлган мыйзам долбоору бир добуштан кабыл алынды.
Шуша декларациясына 2021-жылдын 15-июнунда Карабахтын символикалык шаары Шушада президенттер Режеп Таййип Эрдоган менен Илхам Алиев кол коюшкан.