Вторник, 7 мая

Россия менен Украинанын тиреши. Эрдоган Киевге барды

0

Президент Режеп Таййип Эрдоган расмий сапар менен барган Украинанын борбор шаары Киевдеги Маринский сарайында Украинанын президенти Владимир Зеленский тарабынан расмий азем менен тосуп алынды.

Зеленскийдин чакыруусу менен Түркия менен Украинанын ортосундагы Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңештин онунчу жыйынына катышуу үчүн Киевге барган президент Эрдоган Экинчи дүйнөлүк согушта каза болгондордун элесине курулган Белгисиз жоокер эстелигине гүлчамбар койгондон кийин Маринский сарайына барды.

Зеленский президент Эрдоганды эшикте тосуп алды. Андан соң эки лидердин жекеме-жеке жолугушуусу болду.

Эрдоган андан кийин эки өлкөнүн ортосундагы Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңештин онунчу жыйынына катышат.

Жолугушууда стратегиялык өнөктөштүк деңгээлиндеги Түркия-Украина карым-катнаштары бардык жагынан каралып, эки өлкөнүн кызматташтыгын дагы да тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрү каралып, аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашат.

Жолугушуудан кийин эки лидердин биргелешкен маалымат жыйыны өткөрүлүшү күтүлүүдө.

Кеңеш жыйынынан кийин эки өлкөнүн түрдүү тармактагы тиешелүү министрлеринин катышуусунда кол коюу аземи өткөрүлөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз