Суббота, 4 мая

Текебаев бийлик менен тил табыштыбы?

0

Президент Садыр Жапаров Жарлыкка кол койду, ага ылайык, Текебаев Өмүрбек Чиркешович Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Текебаевге Германиядан агреман 2021-жылы август айында келгени белгилүү болду. Саясатчы буга чейин элчиликке барар-барбасы тууралуу так пикирин айтпай келген.

Өмүрбек Текебаевдин элчиликке талапкерлиги парламенттин тармактык комитетинин кароосуна киргизилген жок. Буга чейин президенттин басма сөз кызматы жаңы Баш мыйзамга ылайык, президент элчилерди тармактык комитеттин кароосуз дайындай аларын билдирген.

Текебаев 2021-жылы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясын баштап барган. Партия 5% босого чектен өткөн эмес.

Белгилүү оппозициялык саясатчы парламенттин алты чакырылышынын депутаты, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы. 2010-жылы Апрель революциясынан кийин Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары болгон.

Текебаев президенттик башкаруу системасына каршы үгүт жүргүзгөн, ошондой эле өткөн күздөгү шайлоонун жыйынтыгын сындап чыккан. Айрым серепчилер Өмүрбек Текебаевдин элчилик кызматка макул болуусун анын бийлик менен бир мунасага келүүсү катары сыпаттап жатышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз