4-февралда Кыргызстанда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» билдирди. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт. Айрым райондордо туман түшүшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5;
Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…4;
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…-8;
Бийик тоолордо түнкүсүн -26…-31, күндүз -9…-14 градуска чейин төмөндөйт.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Туман капташы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7° суук, күндүз 2…4° жылуу болушу күтүлөт.