Вторник, 7 мая

Курсан Асанов үй камагына чыгарылды

0

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов үй камагына чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Асановдун үй камагына өзгөргөн бөгөт чарасы 15-мартка чейин деп тандалган.

Кечээ шаардык сот Асановдун октябрь окуяларына карата козголгон кылмыш иш боюнча баш коргоо чарасын үй камагына алмаштырган. Бирок бийликти басып алуу жөнүндө сүйлөштү делген аудио боюнча тергөө жүрүп жаткандыктан камакта калган.

Экс-чиновник 14-сентябрда бийликти күч менен басып алууга шектелип Жазык кодексинин 309-беренесинин негизинде кармалып, өзгөчө оор кылмыш жасагандар кармалуучу № 50 тергөө абагына камакка алынган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз