Пятница, 17 мая

Сабырбек Жумабеков иштен алынды

0

Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков иштен алынып, анын ордуна Гулия Кожокматова дайындалды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйынында билдирди.

Ошондой эле аталган борбордун башкы дарыгери Данияр Дүйшөнов болгонун да белгилеп өттү.

«Жумабеков тарапташтарын каякка алып барса, ошол жерге алып барсын. Аны канча киши ээрчиирин көрөм. Канча адам чыкса да ооруканада иш токтобойт. Ал жакта бухгалтер анын келини, дарыканачы дагы тууганы. Кечээ текшерүүгө келген адамдарымды кууп чыгышты», — деди Бейшеналиев.

Ал ошондой эле журналисттерге Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун кайра түзүү боюнча буйрукту окуп берди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз