Вторник, 21 мая

Сабырбек Жумабеков жаңы жетекчиликти киргизбей койду

0

Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков президент Садыр Жапаров айтмайынча кызматынан кетпей турганын билдирди. Ал 4-февралда анын ордуна дайындалды деген адамды жамаатка тааныштыруу үчүн келген министрдин эки орун басарын оорукананын имаратына киргизбей койду.

Мунун алдында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган илимий изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлгөнүн билдирген. Ал Сабырбек Жумабековду кызматынын бошотконун, жаңы түзүлгөн оорукананын башчысы болуп Гулия Кожокматова, ал эми башкы дарыгер кызматына Дамир Дүйшөнов дайындалганын кабарлаган.

Жумабеков менен Бейшеналиев соңку кырдаалга байланыштуу бири-бирин айыптап жатат. Министр аны бул «оорукананы менчиктештирип, тааныш-билиштерин, туугандарын жумушка орноштуруп алды деп», күнөөлөгөн, Жумабеков болсо аны жокко чыгарган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз