Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган украин кесиптеши Владимир Зеленский менен жолугушуу учурунда Түркияда Украина менен Орусия лидерлеринин жолушуусун өткөрүүнү сунуштады.
Эрдоган Түркиянын Кара деңизден коңшулаш болгон эки дос өлкөнүн ортосундагы кризисти токтотуу үчүн өз милдетин аткарууга даяр экенин айтты.
«Кара деңиз аймагында чыңалууну азайтуу үчүн бардык күчүбүздү жумшоого даярбыз», — дейт мамлекет башчы.
Сүйлөшүү учурунда Эрдогандын Орусия менен Украинанын арасында ортомчу болуу демилгесин Киев жакшы кабыл алды. Бул тууралуу биргелешкен маалымат жыйынында Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди.
Эки апта мурун Эрдоган келишпестиктерди жөнгө салуу үчүн өз аймагында Путин менен Зеленскийдин жолугушуусун сунуштаган. Кремлдин атайын өкүлү Дмитрий Песков эгер түрк өнөктөштөр Киевди Минск келишимдерин аткартууга көндүрө алса кубаттай гана турганын айткан. Айрым орусиялык эксперттер Анкаранын бул каалоосун постсоветтик аймакта өз ролун жогорулатуу аракети катары баалашкан.