Понедельник, 6 мая

Министрдин кызматтан кетүүсүн талап кылгандар арбыды

0

Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын алдына Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун кызматкерлери жана алардын тарапташтары митингге чыкты.

Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун митингге чыккан кызматкерлери жана алардын тарапташтары резолюция кабыл алып, аны президент Садыр Жапаровго жөнөтүштү.

Алар министр Алымкадыр Бейшеналиевдин кызматтан кетишин, аны трайбалисттик билдирүүлөрдөн алыс болуп, медициналык мекемени жайына коюуну талап кылышты. Бирок Бейшеналиев кызматтан кетпей турганын, реформаны улантарын айткан.

Резолюцияда жазылган талаптар:

Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору Шаардык тез жардам клиникалык ооруканага өзгөртүлбөсүн;

Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору, академик Сабырбек Жумабеков өз ордунда калтырылсын;

Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору Травматология жана ортопедия улуттук борборуна өзгөртүлсүн;

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ээлеген кызматынан алынсын.

Бул резолюция президент Садыр Жапаровго жөнөтүлөрү кошумчаланган.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн кабарлаган. Жетекчиси Сабырбек Жумабеков да иштен алынганын айткан. Жаңы ооруканага директор кылып Гулия Кожакматованы жана башкы дарыгерликке Дамир Дүйшөновду дайындаган.

 

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз