Пятница, 3 мая

Бишкектен Сауд Аравиясына алгачкы чартердик каттам аткарылды

0

Бишкектен Сауд Аравияга алгачкы ирет чартердик каттам аткарылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Эйр Манас» авиакомпаниясы Кыргызстандын Сауд Аравия Падышачылыгынын биринчи оператору болуп дайындалып, «Бишкек-Джидда-Бишкек» багыты боюнча жумасына бир жолу (жекшемби) каттамдарды аткармакчы. Ал эми февраль айынын аягынан баштап жумасына төрт каттамга чейин көбөйөт.

Түз авиакаттамды ачуу аземине «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын өкүлдөрү, КР транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Алмаз Турганбаев, Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Улукбек Марипов жана Сауд Аравиясынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради жана «Эйр Манас» авиакомпаниясынын башкы директору Талгат Нурбаев катышты.

«Бишкек-Джидда түз авиакаттамынын ачылышы эки өлкөнүн мамилесин чыңдоого, туристтердин санын көбөйтүүгө, ошондой эле зыяратчыларыбыздын акчасын жана убактысын үнөмдөөгө шарт түзөт. Ошондой эле, Сауд Аравиянын башка шаарларынан да каттамдарды ачуу пландалууда”, — деп билдирди Улукбек Марипов.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз