Воскресенье, 28 апреля

Жапаров менен Си Цзиньпиндин жолугушуусунда бир катар документтерге кол коюлду

0

Президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон жумушчу сапарында кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгын жакшыртуу боюнча алты документке кол коюлду. Жолугушуунун жыйынтыгында Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Президенттик администрациянын расмий сайтына жарыяланган маалыматка караганда, Кыргызстандан Кытайга сояны экспорттоо боюнча протокол кабыл алынды. Эки өлкө маданият, маалымат жана спорт тармагында кызматташуу тууралуу программа, инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө меморандум кабыл алды.

Мындан тышкары Кытай Кыргызстанга коронавируска каршы 5 млн. доза вакцина, 50 млн. юань өлчөмүндө кайтарымсыз жардам берери маалым болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз