Пятница, 3 мая

Коронавирус дагы төрт адамдын өмүрүн алды

0

Суткада коронавирус 98 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 38, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 43, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусу – 9, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусу – 2 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 308 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 766 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 995 адам дарыланууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз