Суббота, 11 мая

Мэрия Травматология борбору боюнча түшүндүрмө берди

0

Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору Саламаттык сактоо министрлигине карайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Муниципалитет борбордун айланасындагы ызы-чуудан улам түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, 2004-жылдын 17-марттагы Саламаттык сактоо министрлиги жана Бишкек шаардык кеңешинин №2 келишиминин негизинде Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын базасында Травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору түзүлгөн. Ошол учурда анын директору болуп Сабырбек Жумабеков дайындалган.

Ал эми 2017-жылы министрлик менен Бишкек мэриясынын ортосунда саламаттык сактоо тармагында кызматташуу боюнча келишим түзүлгөн. Документке ылайык, Саламаттык сактоо министрлиги борбор калаадагы бир катар саламаттык сактоо тармагындагы объекттилердин жана Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жалгыз негиздөөчүсү болуп саналган.

Ага ылайык, борбор калаанын саламаттык сактоо уюмдары министрликтин карамагына өткөнү айтылат. Бирок бул келишим толук аткарыла элек. Бүгүнкү күндө муниципалитет мыйзамда белгиленген тартипте жогорудагы 2017-жылдын келишимин аткаруунун үстүндө иш алып барууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз