УКМК «Айыл Банктын» бир катар жооптуу кызматкерлерин кармады

0

«Айыл-Банктын» төрт жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Маалыматка караганда, 2017-жылы банк «Россиф» ЖЧК жеке ишканасына мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирип, күрөөнү жасалма түрдө көбөйтүү менен 3,5 млн АКШ доллары (295,7 млн сом) өлчөмүндө насыя берген.

«Россиф» ЖЧКсы тарабынан банкка күрөөгө койгон 348,5 миллион сомдук мүлк Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын баасы боюнча болгону 271,8 миллион сомду түзүп, ортодогу айырма 76,6 миллион сом болгону аныкталды.

Ш.У.Ж, С.М.А, А.Ж.А, М.Н.Т аттуу жарандар кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, тергөө амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгында процессуалдык чечимдер кабыл алынат, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери улантылууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз