Понедельник, 20 мая

Бишкекте 34 км созулган түндүк айланма жолун куруу пландалууда

0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын айланма жолдорунун схемасынын долбоорун талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.

Жыйынга транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрү Бишкек шаарынын 34 км созулган түндүк айланма жолун куруу долбоорунун бетачарын тартуулады. Долбоордо транспорт түйүндөрү, тротуарлар, жөө жүргүнчүлөр үчүн бир катар өтмөктөр каралган.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров долбоорду, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк вариантын иштеп чыгып, техника-экономикалык негиздемени даярдоону тапшырды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз