Четверг, 2 мая

Израилдеги парламенттик шайлоодо Нетаньяхунун партиясы алдыда келатат

0

Бюллетендердин 96 пайызы эсептелип бүткөндөн кийин Израилде өткөн парламенттик шайлоодо өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху жетектеген «Ликуд» партиясы алдыда келатат. Ал өлкө парламентинде 37 орунга ээ болору күтүлүүдө.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Израилдин Башкы штабынын мурдагы башчысы Бени Ганц жетектеген «Кахоль-Лаван» оппозициялык блогу 36 мандат алат. Божомолдорго ылайык, «Ликуд» менен ага өнөктөш партиялар өлкө парламентиндеги 120 орундун 65ине ээ болот.

Болжолдуу маалыматтар добуш берүүгө шайлоочулардын 61 пайызы катышканын көрсөтүүдө. Бул 2015-жылы өткөн буга чейинки парламенттик шайоого салыштырмалуу кыйла төмөнкү көрсөткүч.

Нетаньяху Израиль өкмөтүн 2009-жылдан бери жетектеп келет. Ал өзүнө каршы кылмыш ишинин ачылганына карабастан салыштырмалуу жогорку популярдуулукту сактап келет. Нетаньяхуну АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы колдойт. Ак үйдүн сырткы саясаттагы негизги кадамдарынын арасында — АКШнын элчилигин Иерусалимге көчүрүү жана Голан дөңсөөсүн Израилдики катары таануу маселелери бар.

Израилдеги быйылкы шайлоо өнөктүгү талаш-тартыштар жана кескин билдирүүлөр менен коштолду. Анын жүрүшүндө өлкөнүн учурдагы премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну коррупцияга айыптаган сөздөр айтылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз