Пятница, 19 апреля

Оштун Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары салтанаты 19-апрелде башталат

0

Буга чейин маалым болгондой, “Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аталышын алган. Бул Эл аралык маданий иш-чарага тарыхий Ош шаарында даярдыктар жүрүп жатат. Анын жүрүшү менен КРнын вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова таанышып чыкты.

Ошондой эле ага Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашов, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү У. Жылкыбаев, Маданият, маалымат жана туризм министри А. Жаманкулов жана башка министрликтин өкүлдөрү, уюштуруу иштери боюнча комиссиянын мүчөлөрү жана маданият кызматкерлери иш-чара өтүүчү жайлар менен тааныштырып, маалымат беришти.

Оштогу стадиондо отургучтан тарта кичинекей жолдорго чейин көрүнүш таптакыр өзгөргөн. Ыңгайлуу шарттар бир гана спортчулар үчүн эмес, 9 мамлекет келе турган коноктор үчүн да каралган. Азыркы убакта стадиондо 80 пайыздай жумуш аткарылып бүттү.

Бул Эл аралык деңгээлде өтүүчү маданий иш-чарага 500дөн ашык расмий коноктор чакырылган. Жалпы 9 мамлекеттен өкулдөрдүн келиши күтүлүүдө. А бирок азыркы учурда Ош шаары толук кандуу расмий өкүлдөрдү ЮНЕСКО жана ТҮРКСОЙдон келе турган конокторду тосуп алууга даярдыгы менен вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова таанышып чыкты.

Коноктор 16-апрелде келе баштайт. Ага чейин даяр эмес обьекттер бар экени аныкталды. Алар – сүмөлөк кайнатылуучу жаштар багы, аба майданы, борбордук стадион жана ал жерге илинүүчү баннерлердин жоктугу аныкталды. Салтанатуу иш-чараларга даярдыктар Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук драм театрында да жүрүп жатат. Бул жерде коноктор үчүн Түрксойдун спектакли коюлат. Азыркы учурда маданият өкүлдөрүнүн даярдыктары күч.

9 мамлекеттен расмий конокторду тосуп алуу тапшырмасы коюлду. Атайын протокол түзүлүп, өзгөчө маани берилүүчү жагдайлар каралды. Аба майданынан түз келүүчү жолдор, борбордук көчөлөрдүн көрүнүшү жана анын кооздугуна маани берилүүсү абзел экени айтылды. Ош шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору аталышындагы салтанаттуу иш-чара тууралуу шаар тургундарына да маалымат берүү керек. Мындай максатта жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан видео роликтер даярдалат.

19-апрелде башталуучу Эл аралык деңгээлдеги салтанаттуу иш-чарага элдик каада салттар, концерттик оюн-зоок программалар көрсөтүлөт. Келген конокторго Сулайман-Тоосуна саякат уюштурулуп, андан ары Ош облусунун башка тарыхий райондоруна да кыдыруу жүрөт. Азыркы учурда Сулайман-Тоо тарыхий-археологиялык музейи жана жалпы эле тоонун айланасында да даярдык иштери башталган. Музей кызматкерлеринин айтымдарында, көргөзмө залы толугу менен даяр.

“Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аталышындагы Эл аралык деңгээлдеги иш-чара 19-апрелден 21-апрелге чейин уланат. Алдыда аймактардан чогулган өкүлдөр тарабынан шаарга боз үй тигүү жана шаарды тазалоо иштери, баннерлерди орнотуу иштери турат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз