Понедельник, 6 мая

Мектептерде алмаштырып кийүү үчүн бут кийимдер системасын киргизүү каралууда

0

Бишкектин мектептеринде алмаштырып кийүү үчүн бут кийимдер системасы киргизиле баштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында борбор калаанын биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкулов билдирди.

Анын айтымында, бул система Бишкектин үч билим берүү мекемесинде пилоттук түрдө ишке ашырылууда.

Вице-мэр бул балдар кир бут кийимдери менен кирбеши үчүн гана эмес, аларда тазалыкка болгон сүйүүсүн арттыруу үчүн жасалганын белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз