Пятница, 3 мая

Мадумаров акыркы саясий окуялар боюнча үн катты

0

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров өзү жетектеген “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрүнүн айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу комментарий берди.

Саясатчы өзүнө жана партиянын мүчөсү Мирлан Ураимовго тагылып жаткан айыптар негизсиз экенин айтып, аларды жалган жалаа деп баалады. Бийликти жарандарга бирдей мамиле кылууга чакырды.

“Эгерде блогерлердин оозун тыябыз десеңер “оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып аткан” азаматтарга эмнеге көңүл бурбайсыңар? “Керек болсо кээ бир инсандардын башын жарып кетиш керек, үйүн өрттөш керек” деген жигиттерге эмне үчүн көңүл бурбайсыңар? Же алардын кожоюну өзүңөрсүңөрбү?”, — деди Мадумаров.

Адахан Мадумаров 10-февралда протокол ишине байланыштуу өзүнө карата “Чыккынчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун айтып, муну саясий куугунтук катары баалаган. Башкы прокуратура 11-февралда бул маалыматты четке кагып, Адахан Мадумаров азырынча күбө катары эле өтүп жатканын билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз