Пятница, 17 мая

Түндүк-Түштүк жолун акылуу кылуу пландалууда

0

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун акылуу кылуу пландалууда. Бул тууралуу транспорт жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев билдирди.

Анын айтуусунда, узундугу 80 км болгон Арал-Суусамыр жолун да акылуу кылуу пландалып жатат. Бул жол Түндүк-Түштүк жолун Бишкек-Ош жолу менен бириктирилет.

«Түндүк-Түштүк жолунда жеңил автоунаалардан 150 сом, ал эми жүк ташуучу унаалардан болсо 400-600 сом алынат деп ойлоп жатабыз. Бул жерде тоннелге гана акча төлөнөт»-дейт Кайынбаев.

Учурда Арал-Суусамыр жолунун курулушу баштала элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз