Байден: Орусия Украинага 16-февралда кол салат

0

АКШнын президенти Джо Байден Орусия Украинага 16-февралда кол салаарын айтты. Бул тууралуу Politico гезити жазып чыкты. Гезиттин маалыматына ылайык АКШ президенти Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери менен өткөргөн видеожыйында Орусия Украинага 16-февралда кол салаарын айткан. Бирок айрым европалык лидерлер Байдендин бул пикирине кошулган эмес.

Бүгүн маалымат жыйынын уюштурган Украинанын президенти Владимир Зеленский, эгерде кимдин колунда Орусиянын кол салуусу боюнча далилдер боло турган болсо, анда ал далилдерди бөлүшүүсү керек экенин айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз