Воскресенье, 19 мая

Азербайжан электр энергиясын экспорттоону көбөйтөт

0

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Зенгезур коридору менен Нахчыван Автономиялуу Республикасына, Түркияга, Иранга жана Европага электр өткөрүү үчүн жаңы бир линия ачууну пландап жатышканын билдирди.

Алиев Баку жакындарындагы Гобу кыштагындагы электр станциясынын ачылышын ишке ашыргандан кийин Азербайжан мамлекеттик маалымат агенттигине (AZERTAC) маалымат берди.

Азербайжанда өндүрүлгөн электр энергиясына тыштан талаптын жогорулаганын белгилеген Алиев 2021-жылы Түркия, Орусия, Грузия жана Иранга жалпы 1,6 миллиард киловатт саат электр энергиясын экспорттогондорун айтты.

Төрт кошуна өлкө менен энергетика байланыштары бар экенин жана учурда жаңы долбоор үстүндө иштеп жатышканын белгилеген Алиев төмөнкүдөй маалыматтарды берип : «Биз азыр Азербайжандан Нахчыван Автономиялуу Республикасына Зенгезур коридору менен ал жерден да  Түркия менен Иранга жаңы линия ачууну пландап жатабыз. Зенгезур коридору бир гана темир жолу, кургактык жана аба транспорту үчүн  эмес экендигин айткам. Зенгезур коридору да энергия экспортунда роль ойнойт.

Азербайжандын ажырагыс бир бөлүгү болгон Нахчыван Автономиялуу Республикасына жана ал жерден тышкы рынокко, Түркиядан кийин Европага электр энергиясын жеткирүү үчүн жаңы линиябыз болот.

Бир линия Грузия жана Түркия аркылуу өтөт, экинчи линия ошол жактан өтүшү керек (Зенгезур коридору). Биз мунун үстүндө иштеп жатабыз”.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз